дарыла этишинин кыймыл атоочу.
дарыла I этишинин кыймыл атоочу. Радиоактивдүү нурлар рак оорусу сыяктуу ооруларды дарылоодо колдонулат («Ден соолук»).
ДАРЫЛОО-ДЕНСООЛУКТУ ЧЫҢДООЧУ ЖЕРЛЕР – жаратылыштык дарылоо ресурстарына ээ жана ооруларды алдыналууну жана дарылоону уюштурууга, ошондой эле калктын эс алуусу үчүн жарактуу, өзгөчө коргоодогу жаратылыш объекттери.
ДАРЫЛОО-ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ – түзөтүү мекемелеринин бир түрү. Д. т. м-нде эркиндигинен ажыратылган өнөкөт аракеч оорулар жана баңгилер, ошондой эле акыл-эстери кирди-чыкты психикалык оорулар жаза мөөнөттөрүн өтөшөт.
Лечебные исправительные учрежде-ния
лечащий;
дарылоочу врач лечащий врач.
ДАРЫЛООЧУ ДАРЫГЕР (ДОКТУР) – саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жаткан жана көзөмөлдө турган пациентке медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгер. Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн дарыгер Д. д. боло алат. Д. д. пациенттин же саламаттыкты сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Пациент Д. д-ди алмаштыруу тууралуу талап кылган учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка дарыгер тандоого көмөктөшүүгө тийиш. Д. д. саламаттык сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамы менен макулдашуу боюнча, эгер ал пациенттин өмүрүнө жана айланасындагылардын өмүрүнө коркунуч келтирбесе, пациент саламаттык сактоо уюмунун ички тартибин же көрсөтмөсүн сактабаган учурларда, пациентти кароодон жана дарылоодон баш тарта алат. Пациенттин туугандары өзүнүн мүнөзү боюнча Д. д-дин кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге негизсиз кийлигишүүгө укуктары жок.
ДАРЫЛОО-ЭМГЕК ПРОФИЛАКТОРИЙЛЕРИ – мурдагы СССРдеги өнөкөт аракечтерди жана баңгилерди мажбурлоо жолу менен дарылоочу атайын медициналык мекемелер.