Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оорусуна, илдетине, жаратына карата, айыктыруу максатында дары берүү, дары сүйкөө, дары-дармек колдонуу. Ким деген доктор дарылады? (Бейшеналиев). Алты ай бою дарылап, Айыктырды колуңду (Алыкулов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУНУН ОРТОЧО НАРКЫ – мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан берилүүчү, калктын кошумча төлөөсүнөн түшүүчү каражаттардын өлчөмдөрүн чагылдыруучу арбир дарылап айыктырган оорулууга кетүүчү акчалай каражаттардын эсептелген орточо көрсөткүчү.