Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Гүл ачуу. Мындан ары биздин мектептин алма багы гүлдөй баштайт.
2. Көгөрүү, жашылдануу. Жаз келди, талаа тегиз гүлдөдү.
3. өт. Жыргоо, өркүндөө. Элимден кетсем мейличи, Эркинде элим гүлдөсүн (Токтогул). Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан (Үмөталиев). Гүлкайырдай гүлдөп ал, Күлгүн жашың барында (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Гүл ачуу, гүл алуу. Жоогазын гүлдөсө да узакка турбайт (Сыдыкбеков). Өрүк гүлдөп, жер көгөрүп, көп дарак желге ыргалып, бирин бири ымдашат (Үмөталиев). 2. Көгөрүү, жашылдануу. Жаз келди талаа тегиз гүлдөдү (Шүкүрбеков). 3. өт. Жыргап-кууноо, өркүндөө, өсүү. Элимден кетсем мейличи, Эркиндеп элим гүлдөсүн (Токтогул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө(Турусбеков). Гүлдөй турган колхоздун, Күжүрмөн болот жаштары (Осмонкул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ГҮЛДӨРДҮ КҮНӨСКАНА ШАРТТАРЫНДА ӨСТҮРҮШКӨН ЖАНА КАЛККА САТКАН ЖАРАНДАРДАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Күнөскана шартында гүл өстүргөн жана аны калк арасына саткан жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат. Сатыктан түшкөн киреше салык салуунун объектиси болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. гүлдө этишинин аркылуу мамилеси. 2. Өсүмдүктөрдү өстүрүү, өндүрүү, жашылдандыруу. Гүлдөт дыйкан килем кылып жер бетин, Кубансын жер толкундатып келбетин (Токомбаев). Мичуриндин сортторун тигип, мектептин мөмөлүү бак-дарагын гүлдөтүүгө киришти (Сыдыкбеков). 3. өт. Жыргатуу, куунатуу. Жемишти жер бетине сепкен эмгек, Гүлдөтүп берекесин төккөн эмгек (Бөкөнбаев). 4. өт. Өстүрүү, өркүндөтүү, жетилтүү. Эмгек менен өлкөнү гүлдөттүк (Сыдыкбеков). Тарбия үйрөтүп, Жаштарды гүлдөтүп (Тоголок Молдо).