ГРАММАТИКАЛЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – сөздөрдүн түзүмдүк байланышын аныктоо үчүн анын маани-маңызын жана мазмунун талдоодон көрүнгөн укук ченемдерин чечмелөө ыктарынын бири. Г. ч. сөзгө сөздүн демейки же атайын колдонулуусундагы маани-маңызга ээ болуусун талаптайт. Г. ч. тигил же бул укук ченеминин сөздүк чагылдырылышынын маңызын, аны ошол ченемдин башка бөлүгүнүн мазмунуна салыштыруу жолу менен аныктоо зарыл болгондо орун алат.