и. д. от бөлүн-
1. деление;
2. раскол.
бөлүн этишинин кыймыл атоочу.
parting ‘паатиң;
separation сэпэ’рэйшн
деление (биол.)делиться (на части)
БӨЛҮНҮҮ БАЛАНСЫ – юридикалык жактарды кайра уюштурууда анын укуктары менен милдеттери бөлүнүү жолу аркылуу жаңыдан пайда болгон жакка өтүүчү документ. Б. б. кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын тараптар талашып жаткан милдеттенмелери менен кошо, кредитерлору менен карызкорлоруна карата баардык милдеттенмелер боюнча мураскорлук жөнүндөгү жобону камтууга тийиш. Б. б. юридикалык жакты кайра уюштуруу чечимин кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же органы тарабынан бекитилип, жаңыдан пайда болгон юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү же ошол эле юридикалык жактын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү үчүн уюштуруу документтери менен кошо берилет.
1. делимый, подлежащий делению;
2. мат. делимое;
орток бөлүнүүчү общее кратное;
эң кичине орток бөлүнүүчү сан общее наименьшее кратное (число).
зат. 1. Бөлүнүп жаткан.
2. мат. Бөлүнгөн сан. Орток бөлүнүүчү.
мат. Бөлүнө турган сан. Орток бөлүнүүчү.
БӨЛҮНҮҮЧҮ АККРЕДИТИВ – анда көрсөтүлгөн сумманын чегинде бирнече аккредитив ачууга мүмкүн болгон аккредитив.
БӨЛҮНҮҮЧҮ ЖАНА БӨЛҮНБӨС БУЮМДАР – жарандык мыйзамдар боюнча, бөлө келгенде өзүнүн өзгөчөлүгү менен баштапкы касиетин жоготуп койо турган буюмдар бөлүнбөс буюм катары таанылат. Ал эми, баштапкы касиетин жоготпогондор бөлүнүүчү буюмдарга жатат (м.: дан менен көмүр – бөлүнөт, сыналгы менен автомашина – бөлүнбөйт). Бөлүнүүчү буюмдар негизинен жалпы менчик жагына тийешелүү. Жалпы менчик үлүштүк болуп саналгандыктан, ар менчик ээси өз үлүшүн накталай бөлүп берүүнү талап кылууга акысы бар. Бирок, бөлүнбөс акыбалда болсо, менчик ээсинин бири ал буюмду алат дагы, калган тарап өз үлүшүнүн көлөмүндөгү акчалай түрдө сыйакы алат. Бөлүнүүчү же бөлүнбөс буюмдар, ал буюмдардын келип чыгуу жагдайына жараша, үлүштүк мүнөз күтөт.