Киргизско-русский словарь Юдахина
буун I
южн.
то же, что муун I 1, 2.
буун- II.
возвр. от буу- II (ср. муун- II)
крепко завязывать (на себе);
башына буунуп алды он повязал себе голову;
бел буун-
1) стянуть талию;
кездей белин буунат, керели-кечке жуунат фольк. она стягивает тонкую свою талию и с утра до вечера умывается;
2) перен. принять твёрдое решение, решиться на что-л.;
ушул чечимге белин бек буунган он твёрдо остановился на этом своём решении.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЖОГОРКУ КОМИССАРЫ – БУУнун Башкы катчысына баш ийүүчү жана баардык адамдар тарабынан жарандык, экономикалык, социалдык, саясий жана маданий укуктардын аткарылышын колдоочу, коргоочу жана ишке ашыруучу эларалык кызмат адамы. Ж. к-дын кызматы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылдын 23-декабрындагы резолюциясы менен түзүлгөн. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 4 жылга дайындалат жана кызматы боюнча БУУнун Башкы Катчысынын орунбасары болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АДИСТЕШТИРИЛГЕН МЕКЕМЕЛЕРИ – экономикалык, социалдык, маданий жана башка чөйрөлөрдө иш-аракет жүргүзүүчү эларалык, өкмөттөр аралык уюмдар. БУУнун а. м. өзалдынча эларалык уюмдар болуп саналат. Алардын түзүмдөрү, компетенциясы жана башка уюштуруу маселелери укуктук тартипте эларалык келишимдерде, макулдашууларда же түзүү актыларында, алардын органдарынын регламенттеринде аныкталган. Азыркы учурда БУУнун 14 адистештирилген уюму бар: Бүткүл дүйнөлүк почта бирлиги (БДПБ), Эларалык электр байланыш бирлиги (ЭЭББ), Эларалык жарандык авиация уюму (ИКАО), Билим берүү, илим жана маданият маселелери Боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНЕСКО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ), Бүткүл дүйнөлүк метереология уюму (БДМУ), Эларалык деңиз уюму (ИМО), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (ВОИС), БУУнун Азык-түлүк жана айылчарба уюму (ФАО), Эларалык валюта фонду (ЭВФ), Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эларалык фонду (АЧӨЭФ), Эларалык эмгек уюму (ЭЭУ), Өнөржайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО), Бүткүл дүйнөлүк банк (ага төмөндөгүлөр кирет: Эларалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЭКӨБ), Эларалык каржы корпорациясы (ЭКК), Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА), Көп тараптуу инвестициялык кепилдиктер боюнча агенттиги (КТИК), Эларалык инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча борбор (ЭИЖСБ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАНА АЙЫЛЧАРБА УЮМУ (ФАО ) – айылчарбасын, токой чарбасын, балыкчылыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн эларалык уюм. Ал БУУнун адистештирилген мекемеси болуп саналат. 1945-жылдын 15-октябрында негизделген. Техникалык жана азык-түлүк жардамдарын жасайт, ошондой эле дүйнөлүк айылчарба тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча божомолдор менен каттоо маалыматтарын даярдайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫ – БУУнун башкы органдарынын бири. Ал мүчө болгон мамлекеттерден туруп, БУУ Уставы боюнча баардыгы бирдей укукка ээ. Ал кеңири укуктарга ээ. БУУ Уставына ылайык, ал баардык маселени же ишти, анын ичинде БУУнун башка баардык органдарына ишмилдеттери менен ыйгарым укуктарына тийешелүү маселелерди, алтургай, 12-статьяда каралгандардан сырткары, ушу сыяктуу баардык маселелер же иштер боюнча БУУ мүчөлөрү жана/же БУУнун Коопсуздук кеңешине кеңеш берүү менен, аны талкуулай алат (10-ст.). Эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, анын ичинде куралсыздандыруу жана куралданууну жөнгө салуу, ал маселелер боюнча өзүнүн кеңешин берүү ишчараларынын жалпы принциптерин кароо ыйгарым укугуна ээ. Каалаган мамлекет же Коопсуздук Кеңеши алдыга койгон эларалык тынчтыкты жана коргоого тийешелүү баардык маселелерди талкуулап чыгып, ал маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттер менен Коопсуздук Кеңешине кеңеш берүүгө да акылуу. Коопсуздук Кеңешинин кепилдик сунушу боюнча БУУнун Башкы катчысы шайланат. БУУга жаңы мүчөлөр кабыл алынат, мүчө мамлекеттердин аргандай укуктары менен артыкчылыктары токтотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН КОМИТЕТТЕРИ – өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн уюштурулган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жардамчы органдары. Ассамблеянын арбир сессиясында 7 башкы комитет түзүлөт, Башкы комитетти (курамында Ассамблеянын төрагасы, төраганын 21 орун басары жана башка комитеттердин 7 төрагасы болгон), ошондой эле Ыйгарым укуктарды текшерүү боюнча комитетти (курамында 9 мүчөсү болгон) шайлайт. Башкы Ассамблеянын сессиялык органдарынан сырткары БУУнун убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын комитеттери уюштурулат (Индия океаны боюнча атайын комитет, Космос мейкиндиктерин тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комитет, Тынчтыкты сактоо максатындагы аткарымдар боюнча атайын комитет, Конференциялар боюнча комитет ж. б.).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИ – БУУнун актылары; жазуу жүзүндө кабыл алынат, сунуштама гана күчүндө болсо дагы эларалык укуктун принциптерин жана ченемдерин калыптандырууга жана чыңдоого жардам берет. Ушуну менен бирге эле БУУнун Башкы Ассамблеясы БУУнун мүчөсү болгон мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналган чечимдерди (токтомдорду) да кабыл алат. Аларга БУУнун ички турмушуна (бюджетти жана жолжобо эрежелерин бекитүү, чыгымдарды бөлүштүрүү ж. б.) тийиштүү чечимдер кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ – БУУ Уставына ылайык (97-ст.), ал уюмдун башкы башкаруу кызмат адамы болуп эсептелет. БУУ Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча БУУ. Башкы Ассамблеясы тарабынан дайындалат. Б. б. к. Ал Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңештин, Экономикалык жана социалдык кеңештин (ЭКОСОК), Камкордук боюнча кеңештин баардык жыйындарында дал ушундай сыпатта катышат жана ал органдар тарабынан жүктөлгөн дагы башка иш-милдеттерин аткарат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ – БУУнун туруктуу иштөөчү башкы саясий органы, БУУнун Уставы боюнча ага эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы жоопкерчилик жүктөлгөн. БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүнүн негизинде иштейт. Ал 15 мүчөдөн турат, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп саналат (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай). БУУнун КК белгиленген тартипте кабыл алган чечимдер БУУга мүчө баардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат. БУУнун КК эларалык тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон баардык талаштарды иликтөөгө, мындай талаштарды жөнгө салуунун жолжоболору жана усулдары боюнча сунуштарды берүүгө, БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу же БУУдан чыгаруу жөнүндө сунуш кылууга, тынчтыкты бузган же баскынчылык актысын жасаган мамлекетке карата мажбурлоо чараларын көрүү, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Олуттуу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк 9 добуш менен кабыл алынат, мында БУУнун КК-нин туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы добуш бербөөгө тийиш (кара:Бир добуштуулук принциби).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК КЕҢЕШИ (ЭКОСОК) – БУУнун башкы органдарынын бири; БУУнун Башкы Ассамблеясынын жетекчилиги астында БУУнун экономикалык жана социалдык ишмердигин, БУУнун адистештирилген мекемелеринин, ошондой эле БУУнун көп сандаган органдарын теске салат. ЭКОСОК мамлекеттердин экономикалык жана социалдык тармактарындагы экономикалык өнүгүү, дүйнөлүк соода жүргүзүү, өнөржайлаштыруу, жаратылыш байлыктарын өздөштүрүү, адамдын эларалык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, аялдардын абалы, элдердин өсүшү, социалдык камсыздандыруу, илим жана техника, кылмыштуулуктун алдыналуу сыяктуу тармактардагы кызматташтыктарын теске салат жана өнүктүрөт. БУУнун Уставы боюнча Кеңеш мамлекеттердин эларалык экономикалык, социалдык, маданий кызматташууларынын, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого жетишүүнүн маселелери, эларалык конференцияларды жана симпозиумдарды чакыруу, конвенциялардын долбоорлорун даярдоо, БУУнун адистериштирилген мекемелери менен келишимдерди, баяндамаларды түзүүгө жана сунуштарды киргизүүгө чакырылган. БУУнун Башкы Ассамблеясы жыл сайын ЭКОСОКтун 18 мүчөсүн 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭЛАРАЛЫК СООДА УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫ (ЮНСИТРАЛ) – БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылы эларалык соода укугунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн жардамчы органы. ЮНСИТРАЛ башка актылардын катарында 1974-ж. Товарларды эларалык сатуу-сатып алуу доонун эскиргендиги жөнүндө конвенцияны, 1980-ж. ага карата оңдоолор жөнүндө Протоколду, 1978-ж. Деңизде жүк ташуу жөнүндө конвенцияны, 1980-ж. БУУнун товарларды сатуу-сатып алуу жөнүндө эларалык келишимдери жөнүндө конвенцияны даярдаган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭЛАРАЛЫК СОТУНУН КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОРУТУНДУСУ – аргандай юридикалык маселелер боюнча БУУнун Эларалык соту берүүчү корутунду. БУУ Уставына ылайык корутунду суроо укугуна БУУнун Коопсуздук кеңеши, Башкы ассамблеясы, ошондой эле Башкы ассамблеянын улуксаты менен БУУнун жана башка адистештирилген органдары ээ. Азыркы учурда мындай укук ЭКОСОКко , БУУнун башка органдарына, БУУнун баардык адистештирилген мекемелерине, ошондой эле АКЭАга берилген. Консультациялык корутунду сөзсүз күчкө ээ эмес, ошентсе да кээбир эларалык келишимдер боюнча тараптардын талашында алар чечүүчү катары таанылат.