Толковый словарь кыргызского языка (1969)
жыгылуу — баш ийүү, багынуу. Душман кечирим сурап биздин бутубузга жыгылат (Сыдыкбеков). Эки буту бир өтүккө кийилүү —жаман абалда калуу, кысмакка алынуу, кысталуу. Аштын чыгымынан кутулуунун айласын таппай, эки буту бир өтүккө кийилгендер (Жантөшев). Буту бутуна тийбөө — өтө ыкчам, тез жүрүү, тызылдап тез жүгүрүү.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУТКАНА — будда дининдегилердин ибадатканасы. Б. «Зийа ал-кулуб» деген чыгармада айтылгандай (к. Бут) жаратылыш объектеринде, мисалы, өз алдынча өсүп турган бакка көп сандаган буттар илинсе ошол бак да Б. болот. «Манас» эпосунда да Б. жогоруда айтылган мааниде колдонулат: «Бутканага чокунуп, Булуттай кара ат токунуп,» (Сагымбай Орозбаков, 3. 239).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Буддистердин кудайына – бутка сыйына турган жайы. Кудайым деп куркулдап, Бутканага барыптыр («Манас»). Жүз миң адам чогулуп, Бутканага чокунду («Манас»). Жоокер уйсундардын мырзаларына бажыраңдай сүйлөп, шаардын көрктүү жайларын, бутканаларды, дарбазаларды, чептерди көрсөттү (Субанбеков). к. бутакана.