баласаак Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Баланы абдан жакшы көрүүчү, бала жандуу. [Актан].. аккөңүл, кичи пейил, баласаак адам (Бейшеналиев).
БАЛАСААК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 өтө эле бала жандуу, баланы жакшы көргөн. Баласаак кайын энеси бырыңдап ыйлап, санаасын бөлөт (Сасыкбаев). Капырай, баласаак белемсиң (Сасыкбаев).
баласаактык Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Баланы жакшы көргөндүк, баланы өтө сүйгөндүк.
БАЛАСААКТЫК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Баланы жакшы көргөндүк, балага өтө жакындык, бала жандуулук. Анын баласаактыгын бардыгы билишчү.