Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде ачарчылык, аччылык, ачкалык деген сөздөр бирдей мааниде колдонула берет. Алтай тилинде алардын маанисин ачана сөзү туюнтат. Кыргыз тилинде бул сөздөрдүн антоними болуп токчулук сөзү колдонулат, тоёрчулук, токтук формалары айтылбайт же синонимдеш маани бере албайт. Ушуларга караганда ачарчылык сөзү ач+ар+чалак бөлүктөрүнөн турат. Анын ач уңгусу «ачка» маанисин берет, атоочтуктун -ар мүчөсү -чылык мүчөсү менен бирге жалганып, ачарчылык сөзү жасалган. Башка сөздөрдө бул мүчөлөр биригип айтылып, жаңы сөз жасашы учурабайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тамак жетишпегендик, тамак-аш тартыш болуп, элдин карды тойбогон оор абал, кыйынчылык. Быйылкы ачарчылык томаяктарды биротоло томсортту (Абдукаримов). Ачарчылыктын залдарынан элди келте оорусу каптай баштады (Элебаев).