Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АУДИОВИЗУАЛДЫК ЧЫГАРМА (лат. audire – угуу, visualis – көрүү)– тартылган кадрлардын бири-бири менен чиркешкен сериясынан туруп (үн менен коштолгон же коштолбогон), тийешелүү техникалык түзүлмөнүн жардамы аркылуу көрүүгө жана угууга (үн менен коштолгондо) ылайыкталган чыгарма; А. ч. кинематографиялык чыгармалар жана анын баштапкы же кийинки чагылдыруу ыкмаларына карабастан, кинематография сындуу каражаттар аркылуу тартылган (теле- менен видеофильмдер, диафильмдер, слайдфильмдер ж. б. у. с.) баардык чыгармалар кирет.

АУДИОВИЗУАЛДЫК ЧЫГАРМА ДАЯРДООЧУ – аудиовизуалдык чыгарма даярдоо демилгесин көтөрүп, анын жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак; мында ушундай адам аны өзү жасайт же тапшырык менен жасатып, акысын төлөп берет; аудиовизуалдык чыгарманы даярдагандыгы тууралуу башка далилдер жок болгон учурда, ал чыгармада берилген жеке же юридикалык жактын аты же аталышы даярдоочу катары таанылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)