атты I, II
см. аттуу I, II.
рассчитанный на лошадь;
бир аттык араба одноконная телега.
бир аттык. Бир атка ылайыкталган, бир ат чегиле турган. Бир аттык араба. Эки аттык. Эки атка ылайыкталган, эки ат чегиле турган. Эки аттык араба.
Дапдаана, ачык,өтө таанымал, таасын. Анын сыры аттын кашкасындай шаңкайып турат (Борбиев). Зор эмгек сиңирип, жумурай-журтка аттын кашкасынд ай таанылган («Советтик Кыргызстан»).
Так, даана, айкын-ачык. Биздин милдет – кимдин эмнеге көбүрөөк кызыгарын, анын жөндөмдүүлүгүн аттын кашкасындай даана билип, ага туура багыт берүү. Анын сыры аттын кашкасындай шаңкайып турат (Борбиев). Зор эмгек сиңирип, жумурай-журтка аттын кашкасындай таанылган.
Ат үстүндө абдан шамдагай, эркин жүрүү. Кыргыз элинин жигиттери болсо, аттын кулагы менен тең ойноп шамдагай шайыр өскөн («Советтик Кыргызстан»). Аттын кулагы менен тең ойноор элек, азыркы балдар негедир бошоң (Абдыраманов). Жалий Турсундун кыз кезинен аттын кулагы менен тең ойноп чыйрак өскөнүн сезе аргасыз кымылдады (Бейшеналиев).
Ат үстүндө абдан шамдагай, эркин жүрүү, атка мыкты жүрүү. Кыргыз элинин жигиттери болсо, аттын кулагы менен тең ойноп, шамдагай, шайыр өскөн («Советтик Кыргызстан»). Аттын кулагы менен тең ойноор элек, азыркы балдар негедир бошоң (Абдыраманов). Жалий Турсундун кыз кезинен аттын кулагы менен тең ойноп чыйрак өскөнүн сезе аргасыз кытылдады (Бейшеналиев).
ат этишинин аркылуу мамилеси.
attır, atmak işini yaptır.
понуд. от ат- III;
мен күчтүү болсом, мергенге аттырат белем? - деди карышкыр (из сказки) если бы я был силён, разве позволил бы охотнику стрелять в меня? - сказал волк;
таң аттыр- см. таң I;
насыбай аттыр- см. насыбай.
ат III этишинин аркылуу мамилеси.
и. д. от аттыр-;
таң аттыруу или таң атыруу см. таң I.