Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АПАРТЕИД (афр. apartheid – бөлөк жашоо, бөлүнүү, обочолонуу) – адамзатка каршы багытталган эларалык кылмыш, ТАР өкмөтү тарабынан африкалык жергиликтүү жана европалык эмес калктарга карата 1990-жылдардын башына чейин жүргүзүлүп келген расалык басмырлоо жана кодулоо саясаты. Апартеид кылмышына жол бербөө жөнүндөгү 1973-жылкы Конвенция боюнча (1-ст.) А. адамзатка каршы кылмыш катары жиктештирилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АПАРТЕИД (афр. apartheid – бөлөк жашоо, бөлүнүү, обочолонуу) – адамзатка каршы багытталган эларалык кылмыш, ТАР өкмөтү тарабынан африкалык жергиликтүү жана европалык эмес калктарга карата 1990-жылдардын башына чейин жүргүзүлүп келген расалык басмырлоо жана кодулоо саясаты. Апартеид кылмышына жол бербөө жөнүндөгү 1973-жылкы Конвенция боюнча (1-ст.) А. адамзатка каршы кылмыш катары жиктештирилет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АПАРЫСЫЯП, Афрасиаб, Афарисиаб, Афарысыйаб, Апарысыяп — иран жана түрк элдеринин фольклорундагы кеңири белгилүү каарман Афарсиабдын ысымынын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөртүлүп айтылышы. «Манас» эпосунда кездешип түрктөрдүн байыркы бабасы катары айтылат. Афрасиабдын образы алгач иран элдеринин мифологиясында пайда болуп, андан түрк элдеринин фольклоруна өткөн. Бул образ узак убак өсүп-өнүгүүнүн натыйжасында түрктөшүп кеткени жана ошондой кылымдарда өзүнүн уламыштык мифтик сапаттарын жоготуп, Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын бабасы катары айтылып калганы маалым. «Апарысыяп» ысымынын «Манас» эпосуна кирип калышы, биринчиден, бул ысымдын ошондой кылымдан бери карай түрк элдеринин чыгармачылыгында кеңири белгилүү экендигине байланыштуу болсо, экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун Фирдоусинин «Шах-намэ» жана Хива каны Абулгазынын (1603—64) «Шаджара-и-түрки» аттуу чыгармалары менен тааныштыгы себепчи болгон. Анткени, Афрасиабдын образы бул чыгармаларда кеңири орун алган.
А. Боронов