Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айылга же тааныштардын, жакын адамдардын үйлөрүнө меймандап, айылдап баруу. Жылдызкан үйдө жалгыз. Энеси айылчылап кеткен (Байтемиров). Сулай эне мындан үч күн мурун алыс бир колхоздо турган инилериникине айылчылап кеткен (Таштемиров). Ат болбосо экөөбүз Айылчылар күн кана? (Токтогул). Айрымдары каникул убагында эс алуу үчүн жайлоого тааныштарына айылчылап жөнөшөт (Бейшеналиев).