~: айча бел тонкий стан, тонкая талия;
кырмызы көйнөк, айча бел, кылтылдаган кыз ыйлап фольк. плакали и трепетные с тонким станом девушки в красных платьях.
Ичке бел, аялдын сымбаттуулугунун белгиси катары айтылат. Кырмызы көйнөк, айча бел Узуң эсен жатабы («Сейтек»).
АЙЧАК ДӨӨ — эпизоддук кейипкер. А. д-нүн баласы Манас менен беттешип жеңе турган болгондо Чубак жардамга келгени эпосто эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 4. 193).
АЙЧАҢ — эпизоддук кейипкер, Кеселиктин атасы. Араниктеги согушта Манас менен чабышкан калмак баатыры катары аты гана аталат (Курама варианты, 1. 115).
«АЙ-ЧУРЕК» («Лунная красавица»)—«Айчүрөк» операсынын либреттосунун өзүнчө китеп болуп чыккан орусча-кыргызча тексти. (М„ 1958). Көлөмү 264 бет, нускасы 700. Либретто фортепьяного ылайыкталып нотасы менен кошо басылган. Орусча тексти А. Винниковдуку.