Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК БАШКАЛКА – мамлекеттин өз аймагында саясий жүйө боюнча куугунтукка алынган кайсы бир адамдын жашырынуусуна мүмкүнчүлүк берүүсү.А. б-ны башка саясий башкалка берүү түрүнөн – дипломатиялык башкалкадан айырмалай билүү керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ДЕҢИЗ (аймактык суулар) – жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте –архипелаг сууларынын тышкары) жайгашкан деңиз алкагы. Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. А. д-дин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү А. д-дин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эларалык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ДООТАЛАПТАР – кандайдыр бир мамлекеттин кайсы бир аймакка, анын үстүнөн өз эгемендүүлүгүн орнотуу максатындагы умтулуусу. А. д. бир эле аймакка 2 (же андан көп) мамлекет талаптанган учурда эки тараптуу (көп тараптуу) болушу мүмкүн. Мындай учурларда аймактык талаштар келип чыгат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК (жергиликтүү) ЖАМААТТАР – Франциядагы жана Франциянын мурда колониясы болгон көпчүлүк өлкөлөрдөгү баардык административдик-аймактык бирдиктердин жалпы аталышы. Францияда коммуналар, департаменттер, деңиздин ары жагындагы аймактар (1982-жылдан бери) А. ж. болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ – мамлекеттин коргонуу тутумунун курамдык бөлүгү; КРдин аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды душмандардын бүлдүрүүчү жана террордук аракеттеринен коргоо, ошондой эле аскердик абал режимин орнотуу жана кармап туруу максатында уюштурулат жана ишке ашырылат. А. к-ну уюштуруу жана анын жалпы милдеттери КР Президенти тарабынан аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ КҮЧТӨРҮ МЕНЕН КАРАЖАТТАРЫ – душман аракеттеринен, диверсиялык жана террористтик актылардан КР аймагындагы калкты, объекттерди, коммуникацияларды коргоого, ошондой эле согуштук кырдаал тартибин киргизүү менен колдоого арналган КР Куралдуу күчтөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, аткаруу бийлик органдарынын атайын кошуундары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК МАКУЛДАШУУ – тийиштүү административдик бирдиктин аймагындагы эмгектин жалпы шарттарын, эмгектик кепилдиктерди жана жеңилдиктерди жөнгө салуучу, баардык тараптар үчүн бирдей милдеттүү жана жамааттык келишимдерди түзүү учурларында эске алынуучу жазуу жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболошурулган укуктук акт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК – өкүлчүлүктүү бийликти уюштуруунун принциби, ага ылайык депутаттар бүтүндөй улуттун эмес, мамлекеттин кандайдыр бир аймагынын (адатта – федерациянын субъектисинин) атынан чыгышат. Мында А.ө. түздөнтүз калк тарабынан (АКШ, Бразилия, Венесуэла), же болбосо алардын мүчөлөрүн аймактын мамлекеттик бийлиги тарабынан дайындоо жолу менен түзүлөт (ГФР, РФ). Федерацияларда эреже катары, парламенттин жогорку палатасы А. ө. органы болуп эсептелет, ал эми төмөнкү жыйын – улуттук өкүлчүлүк органы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР – аймактык базарда төмөндөгүдөй шарттарга жооп берүүчү ошондой товар өндүрүүчүлөрдүн жыйындысы: а) өндүрүүчүлөр өз товарынын баарын же басымдуу бөлүгүн ошол базардын ичинде сатышат; б) КРдин башка аймактарынын өндүрүүчүлөрү андай товарды бул аймакка алып келишпейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК СУУЛАРДАН ТЫНЧТЫК ӨТҮҮ – эларалык укукта жээкте жайгашкан мамлекеттердин аймактык суулары менен кемелердин аларды кесип өтүү максатында, ички сууларга кирбестен, рейдде же ички суулардан сырткаркы порттук курулмаларда токтоп турбастан, же болбосо ички сууларга өтүү, ал аркылуу ачык деңизге чыгуу же ошондой курулманын жанында токтоо, рейдде туруу максатында сүзүп жүрүүсү. Баардык мамлекеттердин кемелери, жээкте жайгашкандардыкы да, деңизге түз чыгууга жолу жоктордуку да ушул укуктан пайдаланат. Өтүү эгер ал демейки сүзүү менен байланышып, өз ичине токтоону, якорго турууну камтыса да, баш бербес күчтүн таасирин жеңүү же жардам көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз жана тез болуусу тийиш. Суу алдында сүзүүчү кемелер тынч өтүүнү суу үстүндө ишке ашыруулары керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ТАЛАШ – белгилүү бир аймактын укуктук жактан кайсы тарапка таандык экендиги боюнча мамлекеттердин ортосундагы эларалык талаш. Тараптардын ортосундагы демаркациялык пикир келишпестиктер, ошондой эле бир тараптуу аймактык доомат коюу А. т. болуп эсептелбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ТАЛАШТАР – мамлекеттердин ортосундагы белгилүү аймактын юридикалык таандыктыгы боюнча эларалык талаш. Тараптардын демаркациялык пикир келишпестиктери, ошондой эле бир тараптуу аймактык дооматтар А. т. болуп эсептелбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫК ҮСТӨМДҮК – мамлекет өзүнүн бийлигин жарандыгына (юридикалык жактын улутуна) карабастан, ошол аймакта жайгашкан баардык адамдарга жана уюмдарга карата башкарууну ишке ашыруусу. «А. ү.» түшүнүгү «мамлекеттик юрисдикция» түшүнүгүнөн кеңири, анткени (акыркыны камтуу менен) мамлекеттик бийликти анын баардык конституциялык тариздеринде (мыйзам чыгаруу, аткаруу, административдик жана сот) толук чагылдырып көрсөтөт.