айкында Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Ачык көрсөтүү, ачып көрсөтүү, аныктоо, айкын көрсөтүү. Закирдин эрдигин төшүндөгү өкмөттүк сыйлык айкындайт (Бөкөнбаев).
АЙКЫНДА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Айкын кылуу, айкын-ачык болгудай абалга жеткирүү. Закирдин эрдигин төшүндөгү өкмөттүк сыйлык айкындайт (Бөкөнбаев). Карыянын бул акылдуу сөздөрү Айкындады тереңинен чыкканын (Токомбаев).
АЙКЫНДАЛ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 айкында этишинин туюк мамилеси. Айкындалган фактылар. Биздин жарым жылдан берки аракетибиздин ийгиликтүү болушу бүгүндөн баштап айкындала баштамакчы («Ала-Тоо»).
айкындан- Киргизско-русский словарь Юдахина возвр. от айкында-выясняться;эми айкынданып отурат теперь становится ясным, теперь выясняется.