Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК УЮМДАР – кызыкдар өлкөлөрдүн өкмөттөрү же мамлекеттик органдары, чарбалык уюмдарынын ортосундагы келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде алардын иш-аракеттерин (чечимдерин) координациялоо, экономиканын, илим менен техниканын белгилүү тармактарында кооперациялануу же биргелешкен өндүрүштүк-чарбалык ишмердикти жүзөгө ашыруулары үчүн түзүлгөн ар кыл түрдөгү түзүлүштөрдүн тутуму. Мүчөлүк үлүштөрдүн эсебинен түзүлөт, уставдын негизинде аракеттенет, катышуучу тараптардын өкүлдөрү тең катышкан жетекчи органы болот.