Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК КЫЛМЫШ-ЖАЗА УКУГУ – мамлекеттердин кылмышты алдын алууда, иликтөөдө жана жаза берүүдө – эларалык келишимдерде каралган өзгөчө тартипте кызматташууларын жөнгө салуучу ченемдер менен принциптердин тутуму. Эларалык укуктун мамлекеттин улуттук кылмыш мыйзамдары менен тыгыз байланышкан тармагы. Э. к.-ж. у-нун өзгөчөлүгү: анын комплекстүү (кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процесстик жана кылмыш-жаза-аткаруу укуктарды камтыйт) мүнөзү; аскер кылмышкерлерине жана адамзатка каршы кылмыштарга мөөнөттүн эскирүүсүн колдонбогондугу; Э. к.-ж. у-нун өзгөчө булактары эларалык универсалдык жана аймактык келишимдер жана жардамчы булактары (эларалык трибуналдардын жана улуттук соттордун өкүмдөрү) экени; эларалык трибуналдын уставдарына эларалык коомчулук тарабынан таанылган, жасаган учурунда укуктун жалпы принциптерине ылайык кылмыш болуп эсептелген кылмыш акцияларына карата кайтарым күч бергени; мамлекеттин жана юридикалык жактардын кылмыштын өзгөчө субъектери болгону; өзгөчө санкциялар ж. б. болуп саналат. Э. к.-ж. у-нда эларалык кылмыштар жана эларалык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик аныкталган.