Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК КОШ САЛЫК – бир эле убакта 2 (же андан көп) мамлекетте салык төлөөчүгө бир эле объект үчүн салыштырмалуу окшош салык салуу. Э. к. с. товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашууга, капиталдардын, технологиялардын жана адамдардын кыймылына терс таасирин тийгизет. Бул негизги 2 ыкма менен жоюлат: бир тараптуу (ички салык мыйзамынын жардамы менен) жана көп тараптуу (2 же андан көп мамлекеттин ортосундагы кош салык алуудан качуу жөнүндөгү келишимдердин жардамы менен).