Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ДАРЫЯЛАР – 2 же андан көп мамлекеттердин аймактары аркылуу агып өткөн жана пайдалануусу эларалык укук мамилелеринин маселеси болгон дарыялар (өзөн суулар). Э. д-дын ар бир бөлүгү ал өзү чектеринде агып өткөн мамлекеттердин эгемендүүлүгү алдында болот. Э. д-дын ичинен бир канча мамлекеттердин аймактарын бөлүп турган жана адатта эларалык кеме жүрүүсү үчүн ачык эмес чегара дарыяларын бөлүү кабыл алынган.