ЭТ МЕНЕН ЧЕЛДИН ОРТОСУНДА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эки ортодо, ал жакка да бул жакка да ачык кошулбаган абалда, эки ортодо эптеп мүлтүлдөп жашаган, кошоматчылык менен күн көргөн. Тап күрөшү учурунда эт менен челдин ортосунда тынч жашай берүүгө болбой тургандыгын жаңы досторунун жардамы менен түшүндү (Абдыраманов). Мамбеткул эт менен челдин ортосунда байкалбай кала берди (Бейшеналиев).