элдик I народный; элдик армия народная армия; элдик эпос народный эпос; элдик мугалим народный учитель; элдик контроль народный контроль; жалпы элдик или бүткүл элдик всенародный; элдик-боштондук армия народно-освободительная армия; элдик демократия народная демократия; элдик демократия өлкөлөрү страны народной демократии; элдик-демократиялык республика народно-демократическая республика; элдик болуп жаткансыйт он делает вид, что он на стороне народа. элдик II мирные намерения; примирение; Семетей канчалык агаласа да, Шыгай элдикке келбеди фольк. как ни оказывал Семетей почтение, Шыгай не пошёл на примирение; коркконуна чыдабай, элдикке эми келгенсип фольк. из страха теперь он будто идёт на примирение; кай элдиги бар эле?! какие там у него мирные намерения?! (никаких!).
сын. Элге, эмгекчи калкка таандык, элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Нагыз элдик обон менен ырдады (Сыдыкбеков). Элдик оозеки чыгарма. Элдик армия. Элдик контроль.
элдик элдик революция элдик демократия элдик дидактика (пед.) элдик дружина элдик картиналар (иск.) элдик контроль элдик кошуун элдик көркөм искусст во (иск.) элдик көркөм өнөрчү лүк (иск.) элдик медицина элдик музыка (муз.) элдик оозеки чыгарма элдик педагогика (пед.) элдик тил (жалпы элдик) тил (лингв.) элдик эпос элдик этимология
Элге, эмгекчи калкка таандык, элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Нагыз элдик обон менен ырдады (Сыдыкбеков). Элдик наркты менин кымбат карыям, Эң биринчи сен аркылуу тааныгам (Байгазиев). Элдик оозеки чыгарма. Элдик аскер. Элдик текшерүү.
кыргыз эли таланттарга бай. Алар ар түрдүү үндүү аспаптарга ойной жана ошолордун коштоосунда ырдай да, бийлей да билишкен. Андай аваздык аспаптарга комуз, темир комуз, жыгач ооз комуз, чоор, сыбызгы, чыңыроон, кыл кыяк, добулбас, сурнай, керней өңдүүлөр кирет.
ЭЛДИК ДЕМИЛГЕ – биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугундагы институт; түздөнтүз калк аркылуу мыйзам чыгаруу укугун ишке ашыруу механизми, ал үчүн мыйзам долбоорун колдоочу белгилүү санда кол топтоо талап кылынат. КРде Э.д. 30 миң шайлоочуга таандык.
ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯ – марксистик адабияттарда Европанын жана Азиянын биркатар өлкөлөрүндө 1940-жылдары СССРдин колдоосу менен орнотулган саясий түзүлүштүн аталышы. Э. д. «буржуазиялык» демократиядан «социалисттик» мамлекеттүүлүккө өтүүдөгү өткөөл баскыч катары эсептелген.
«Адамдын көркү чүпүрөк» (Макал). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Улуттук үлгүнүн жалпы аталышы. Мунун да күндөлүк жашоо шартыбызды жана көркөмдүктү көздөй турган жагдайлары бар. Жаш-карыбыз сыймык катары кийип жүрүүгө жарашыктуу көрүнгөн көркөм сайма көчөттөрү түшкөн, кийиз оюмдарынын элементтери айкалышкан кийимдер элибиздин, көлдөй чалкыган жергебиздин бай табиятын символдоштуруп, башка элдерден айдан-ачык айырмалап, өзүбүзгө гана таандык бөтөнчөлүгүбүздү белгилеп турат. Улуттук кийим — элдик маданияттын негизги көрүнүштөрүнүн бири. Ал калктын турмуш-шартынын, чарбачылыгынын зарылдыгынан улам жаралып, туруктуу келип, көп кылымдар бою жашап келүүдө. Мына ушул туруктуулукка гана таандык болгон өзгөчөлүк аркылуу кайсы бир элдин байыркы же кийинки мезгилдеги маданияты жөнүндө сөз козгоп, ага карата айрым ойлорду айтууга болот. Мындай мураска кыргыз эли да бай. Элибиздин улуттук кийимдеринин бай үлгүсү, чебер тигилиши, асемдүү кооздугу эзелтеден эле даңаза болуп келүүдө. Алар тууралуу маалыматтар жазма адабияттарда өтө эле сейрек кездешкендиктен, элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылууга туура келет. Элдик казынанын ыйык мурасы катары бизге келип жеткен кыргыз элинин баатырдык эпосторунун улуттук кийимдердин ар кандай түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө бай маалыматтарды жолуктурабыз.
пед. Элдик оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жан оюнчуктарда сакталган педагогика идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму.
ЭЛДИК СОТ АРАЧЫЛАР ИШТИ КАРОО ЖӨНҮНДӨГҮ ӨТҮНМӨ – кээбир өлкөлөрдүн процесстик укугунда соттор айыпталуучунун өзүнүн ишин ушундай сотто гана кароо арызын берүүсү каралган. Айыпталуучу мындай өтүнүчкө ага адепки тергөө иштери аякталганы жарыялангандан кийин жана иштин баардык материалдары таанышуу үчүн берилген учурда гана укуктуу болот. Андан кийин Э. с. а. и. к. ж. ө. кабыл алынбайт.
ЭЛДИК СОТ АРАЧЫЛАРЫ – айрым өлкөлөрдө, мисалы, РФде – соттордо жарандык жана кылмыш-жаза иштерин кароого катышуу үчүн шайланган жарандар. Соттун судьялары менен бирдей укуктарга ээ. Адатта, соттун курамына эки Э. с. т. кирет.
ЭЛДИК СОТ АРАЧЫСЫ – элдин түздөнтүз сот акыйкаттуулугуна катышуу принцибин жүзөгө ашыруучу сот тутумундагы институттарынын бири. Классикалык жагынан алганда, ал ошол иш үчүн гана кокустук усулунда тандалып алынган 6, 12 же андан башка сандагы элдик сот арачыларынан – акылдаштар алкагынан, жана да укук маселелерин чечүүчү 1 (кээбир учурларда бирнече) кесипкөй соттон турат. Э. с. а-нын чечиминин негизинде сот өзүнүн өкүмүн чыгарып, жаза чарасын аныктайт. Эреже катары, Э. с. а. баштапкы баскычта турган өтө маанилүү кылмыш ишин карап, анын чечими кайра даттанууга жатпайт. Ал Англияда XII–XV кылымдарда чыгып, Улуу француз ыңкылабынан кийин (1789–1793-жж) Европа менен дүйнөнүн башка жерлеринде кеңири тарай баштаган. Ушу тапта Э. с. а. институттары АКШда, Улуу Британияда, Канадада, Ирландияда, Швейцарияда ж. б. өлкөлөрдө иштейт. Орусияда 1864–1917-жылдар аралыгында иштеп, 1993-жылы (анын 9 субъектисине гана) кайра киргизилди. КРде андай институтут жок.
Чыгармачылыгы мол, көзүңдүн кароолуна алынгандан жоктон бар кылган, үзүлгөндү улаган усталар жана уздар. Чебер ошол буюм-кечедеги түрдү буруп, өнөрдүн даана табиятына таандык көркөмдүктү өзүнүн табитиндей берүүгө умтулушат. Чыныгы чебер ар түрдүү көркөм оюм-көчөттөрдөн жаңы ыргактарды таап, жаңы мазмундарды кошуп, көркөм буюмдарды жүзүнө чыгарат. Муну жаратуудагы уздун жана устанын бөтөнчөлүгү кооздуктун мотиви менен анын шумкардын чалгынындай ыргагын учурга шайкеш келтире алат. Өзүң бирөөлөрдөн мыктап үйрөн, анан уздан, узан, ойдогудай машыксаң башкаларга үйрөтүүң, таалим-тарбия берүүң жеңил болот. Бул чеберлердин жекече ыйык парзы. Элдик чебер — кооз үлгүлөрдү жараткандар, аны колдон-колго тараткандар. Оюмду берүүдө, көркөм түр түшүрүүдө буюм бетинде чебердин бирдеңкеге өкүнүчү, кусалыгы, самаган ой-максаттары жүзөгө ашкан болот. Көмүркөй күтүп, көмүр өчүрүп, күжү күйгүзгөндүн буюм-тайымдарына көз жүгүртүп, түгөлү менен «уста», «уз» деп, учкай атап койгонубуз менен чыныгы көркөм өнөр ээлеринин чеберчилиги бөтөнчөрөөк сезилет. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн кан жолунда буюм бетине өздүк көчөт көчүрүүчүлөр, түр түшүрүүчүлөр, оюм берүүчүлөр, чыныгы чыгармачылыктын ээлери элдик чеберлер деп аталат.
Фольклордогу эпикалык түргө кирүүчү ыр формасындагы көлөмдүү чыгармалар. Эпостордоэлдин тарыхый турмушу, маданий-социалдык абалы, карым-катнашы, үрп-адаты, келечектен күткөн тилеги кеңири чагылдырылат. Байыркы эпостордо мифологиялык белгилер күчтүү болсо, улам мезгил өткөн сайын эпостор адам турмушунун реалдуу көрүнүштөрүнө жакындап олтурганын байкоого болот. Эпос дүйнөнүн көптөгөн элдерине мүнөздүү болсо да, кыргыз элинде алардын өзгөчө залкар үлгүлөрү бар. Кыргыз эпосторун көлөмүнө, андагы окуялардын камтылышына карап шарттуу түрдө улуу (чоң) эпос ("Манас" эпосу) жана кенже (кичине) эпостор («Манаска» салыштырмалуу башка эпостор) деп экиге бөлөбүз.
Ал эми идеясына, окуялардын мүнөзүнө жараша баатырдык жана турмуштук-социалдык деп эки жикке ажыратылат. Баатырдык эпостордун мазмунун башкы каармандардын сырттан келген баскынчыларга жана ички душмандарга каршы күрөшү түзөт да, элдик баатырдын айланасына элдик идеалдагы бүтүндөй оң сапаттардын баары топтолот. Мындай эпосторго"Манас", «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Шырдакбек», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» ж. б. кирет.
Турмуштук-социалдык эпостордо эл турмушунун ар кандай жактары – эркин сүйүүгө умтулуусу, эски салтка каршы күрөшү, бийлик талашуулары ж. б. ар түрдүү кырдаалдардагы жашоо-тиричиликке байланышкан окуялары сүрөттөлөт. Кыргыздардын ата-бабалары урпактарына социалдык-турмуштук мазмундагы: “Саринжи-Бөкөй”,“Кедейкан”, “Кожожаш”, “Олжобай менен Кишимжан”ж. б. эпосторун калтырды. Эпостор төкмө акындар же атайын айтуучулар тарабынан искусствонун башка түрлөрүнүн (комуз, ооз комуз, ар кандай обондор, синкретизм) жардамы менен элге жетип турган.