Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
брюки, штаны;
жеке башы бир шымдын жети нардык баркы бар фольк. только одни штаны (богатыря) стоят семь одногорбых верблюдов;
бадана шым см. бадана;
шымын башына каптап жиберейин дедим эле я уж хотел было как следует осрамить его (букв. я хотел было его штаны нахлобучить ему на голову);
шымын башына каптайт элем я бы его опозорил (букв. я бы его штаны надел ему на голову);
шымы сыйырылды разг. с него маска сорвана, он осрамился (букв. с него штаны содраны);
шымдай болуп калды он осрамился, он опозорился;
аны шым кылып таштадык мы его осрамили.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эркектин багалектүү, белден тушарга чейин кийилүүчү сырт кийми. Шахтёрлордун кийгени резина өтүк, брезент шым, катуу каска (Сасыкбаев).
Шым болуу — уялуу, маскарасы чыгуу, шылдың болуу.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Кош кобулдап тиштелген, Ичине буулум ичтелген» («Манас»), Ал кең багалектүү сырт кийим, чалбар. Мунун жердиги кездемеден да, териден да, таардан да болот. Ошондуктан, кездеме шым, тери шым, таар шым деп айтышкан. Кой, эчки, теке, аркар, кулжа, жейрен өңдүү жандыктардын жана башка кайберендердин терисинен жаргак шым (кандагай), тери шым (чалбар) жасалган. Жаргак шым жука жана жеңил болгондуктан жылуу мезгилдерде, улут оюндарында кийилген. Жаргак шымды тигүү үчүн терини чылгый чагында жүнүн бычак менен алып, малмага салат. «Ашаткысын эринбей, Аярдык менен Каныкей, Жез челекке жаткырып»... (Манас). Ашаткыны боюна абдан сиңирип, ийленген анын ышкын түп, чүкүрү, эңгилчек сыяктуу өсүмдүктөрдүн тамырынан, сабагынан жана кабыгынан алынган кол боёктор менен боеп, жүзүнө чыгарышкан. Анын багелеги нукум-сөөмөй шара тилинип жасалат. Бычылган шымдын бөлүктөрүнүн тигиштерине чыйратылган кебез жиптен каттай «ыскыт» (милте, жээк) кынаптала коюлуп, тигиштери тиштетилип тигилет.
      Муну, күндүн көзүн тийдирбей, кунтуйтуп каттырбай, табы менен иштетет. Жаргак шымга бышык кездемеден эки элидей көбөө коюлат. Шымдын багалегинин шара тилигинин эки өңүрү жана этигине көркөм оюмдун сайма көчөттөрүн түшүрүшкөн. Ал кооздуктар кездеме шым жана кемселге түшкөн көчөт-оюмдарга үндөшүп кетет. Аны көбүнчө ботонун жүнүнөн ипичке ийрип, чыйрак чыйратып, челдеп, түрдүү ыраңга боеп, ийне сайма аркылуу жүзөгө ашырат. Мындай шымды «кештелүү шым» деп айтат.
      Тери шым (чалбар шым) ичи түктүү келет да, суукта кийилген. Анын жердиги көбүнчө кой-козунун терисинен болот. Аны адегенде челдеп, ашатып алып, анан өңдөп (бордоп), ага ышкын түп жабат. Же ошол өңдөлгөн боюнча эле бычылат да, тигиштери көк, кара өңдө милтеленип, багалегинин учу да адими кездемден төрт-беш элидей көбөөлөнөт.
      Таар шымдын жердиги, албетте, жүн болот. Көбүнчө төөнүн, койдун жүнү текши, ичке ийрилип, жип чыйрак чыйратылат. Буга курулган өрмөк башка таар буюмдарындай эле эндүү согулат. Согулган жердик өлчөнүп бычылат. Тигиштерине кош каттала чыйратылган башка өңдөгү жиптен милте коюлат.
      Кыргыздарда тепме шым да болгон. Аны жасоодо уздар тепме чепкендин ыкмасын колдонушкан.
      Кездеме шымдын жердиги чий баркут, баркут, трайке өңдүүлөрдөн болот. Жаштар кие турган шымдын шара тилик багалектерине жаргак шымдыкындай көбүнчө көк, кызыл, жашыл жиптер менен сайма көчөттөрүнүн жана көркөм оюмдарынын түрлөрү жарашыктуу түшүрүлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Багалектүү, белден тушарга чейин кийилүүчү кийим. Шымы жыртык бөбөктөргө карабай, Шымалана жапырт кеттик киришип (Садыков). Шахтёрлордун кийгени резина өтүк, брезент шым, катуу каска (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жеңин, багалегин түрүнүү, түрүнүп шамдагайлануу.
2. өт. Кандайдыр бир ишке кайраттанып, белсенип киришүү, белди бууп бет алуу. Шымаланып биздин жаштар чыккыла, Калем менен улуу тарых жазабыз (Шамшиев). Шымаланып майданга чыга бер, досум! — деди Бака (Бейшеналиев). Гүлайымдын эмгек дегенге жан-дили менен шымалана кирип кеткендигин да мына ушуну менен гана түшүндүрүүгө болот (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. засучить рукава;
2. перен. взяться за что-л. всерьёз; приняться за что-л, вплотную;
шымаданып ишке кириш- приняться за дело, засучив рукава;
шымаланып иштеп жатышкан они старательно работали;
шымалана катыш- принимать деятельное участие;
3. перен. быть подобранным, аккуратным;
бутунда танкетка, бою шыңгадай шымаланып турат на ногах у неё танкетки, стан её строен, вся она подобрана.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеңин, багалегин түрүнүү, түрүнүп шамдагайлануу. 2. өт. Кандайдыр бир ишке кайраттанып, белсенип киришүү, белди бууп бет алуу. Шымаланып майданга чыга бер, досум! – деди Бака (Бейшеналиев). Гүлайымдын эмгек дегенге жан-дили менен шымалана кирип кеткендигин да мына ушуну менен гана түшүндүрүүгө болот (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что шымалан-;
аялдар, эмгекке кирип шыманып стих. женщины взялись за работу, засучив рукава;
2. редко засучить штаны;
кандагайын шыманып, казыр чыкты аттанып фольк. засучив кожаные штаны (см. кандагай), вот вышел он, готовый (к схватке).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Көйнөгүн же башка ич кийимин шымдын ичине киргизип курчануу. Үйдө кие турган тери малакайын баса кийип, бешмантчасын сары жаргакка шымданып курун сыртынан кыса курчанып алыптыр (Убукеев). Нурбай шымаланган, бардык кийимин шымданган (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көйнөгүн же башка ич кийимин шымдын ичине киргизип курчануу. Үйдө кие турган тери малакайын баса кийип, бешмантчасын сары жаргакка шымданып курун сыртынан кыса курчанып алыптыр (Убукеев). Нурбай шымаланган, бардык кийимин шымданган (Токомбаев).