Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. город;
борбор шаар главный город; столица;
шаардын борбору центр города;
шаардын сыртында за городом, вне города;
шаардын айласында или шаардын тегерегинде в окрестностях города, в пригороде;
шаардын айланасындагы или шаар тегерегиндеги пригородный;
шаардын чет-жакасында на окраине города;
шаарча городской, на городской лад;
шаарча бычак уст. городской нож (не кустарного производства);
акча шаар жерине жарашат погов. деньги городу к лицу;
2. (в старом фольклоре) город-государство, полис;
ал шаардын падышасы царь того города;
чоң той берип, эки баласын эки шаарга хан көтөрдү (из сказки) устроив большой пир, он сделал двух своих сыновей ханами в двух городах;
хандыгыңды колго алып, ким билди Үсүр шаарыңды? фольк. кто, забрав твоё ханское достоинство, управлял твоим городом Усюр?

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ШААР – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш. КРде төмөнкүдөй Ш. айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү Ш. категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ШААР ЖЕРЛЕРИ (калктуу конуштардын жерлери) – шаардын чегиндеги баардык жерлер. КРде Ш.ж. анын башкы пландарына, пландаштыруу жана куруу долбоорлоруна жана жерчарба түзүлүшүнүн долбоорлоруна ылайык пайдаланылат. Шаарлардын башкы пландары өнөржайы, туракжай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үй-бүлөчүлүктөн кетүү, ажырашуу же жубайлардын бири кайтыш болуп, үй-бүлө бүлгүн-чачкынга учуроо. Ошондо Сейдеке менен Айша Осмонкулдун турмушу оңунан чыкпай, шаары бузулуп турганына жүрөк сыздатпай коё алышпады (Өгөбаев). Эр ортону болгондо шаары бузулган оңойбу, булардыкы кыйын иш болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үй-бүлөчүлүктөн кетүү, ажырашуу же аялы өлүп, бүлгүн-чачкынга учуроо. Ошондо Сейдеке менен Айша Осмонкулдун турмушу оңунан чыкпай, шаары бузулуп турганын жүрөк сыздатпай коё алышпады (Өгөбаев). Эр ортону болгондо шаары бузулган оңойбу, булардыкы кыйын иш болду («Ала-Тоо»).