Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чымырагандай абалда болуу, чыбыр-чубур, жыбыр-жубур эткендей боло түшүү. Анархандын жүрөгү оозуна тыгылуу менен көзү ымыр-чымыр боло түштү (Жантөшев). Айшанын бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бакирдин көздөрү андан бетер ымыр-чымыр болуп, аттан кулап түштү (Осмоналиев). Өмүр бою аты-жөнү туурасында чеки сөз укпаган баланын бүткөн бою дүрүлдөп, бети-башы ымыр-чымыр болуп чыкты (Бейшеналиев).