Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чегип сурап, билүугө аракет кылуу, сыр билдирбей чегип сураштыруу. Алдыртан чекмелеп сурап, Чоң Койчу тынбай Каныбекти тымызын издөөнүн аракетинде (Жантөшев). Сурасам да чекмелеп Теги-жайын билбедим («Мендирман»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
разведывать, разузнавать обиняками, намёками;
биринин сырын бири чекмелейт один у другого стараются выведать секреты;
сурасам да чекмелеп, теги-жайын билбедим стих. я пытался расспросами выведать, но так и не узнал, кто он.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чегип сурап, билүүгө аракет кылуу, сыр билдирбей чегип сураштыруу. Алдыртан чекмелеп сурап, Чоң Койчу тынбай Каныбекти тымызын издөөнүн аракетинде (Жантөшев). Сурасам да чекмелеп Теги-жайын билбедим («Мендирман»).