Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын баш терисинен чыккан кыл, калың түк. Күмүш өндүү, олоң чач, Кош каркыра керме каш («Манас»). Буурул чачын сеңселтип, Апаңар күтөт силерди (Токомбаев). Чачын татынакай кылып артына карай тараган кара жигит – Омор (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чачырап кеткидей кылып таштоо, ыргытуу, чачырата таштоо, төгүү, чачыратуу. Мамбеткул колундагы тепшиге салынган жемди тоокторуна чачты (Каимов). Жамила дасторкон жайып, ага чача боорсок салды (Баялинов). 2. Чогуу же иреттүү турган нерсени туш-тушка бириндете бөлүү, чачынды кылуу, чачкын, иретсиз түргө келтирүү. Баарын чачтың көп көңдүн, Бекеринен тапкандай (Үмөталиев). Капанын баарын чачамын, Төштүк, Кабагың минтип ачамын, Төштүк («Эр Төштүк»). 3. Ысырап кылуу, ыксыз жок кылуу, түгөтүү. Шаар базарын ачамын, Атакемдин сан дүйнө, Топуратып чачамын («Манас»). 4. өт. Берүү, таратуу, жаюу. Партия балдар үчүн билим чачкан, Билимди биздин балдар издеп тапкан (Барпы). 5. Чачыратуу, таратуу. Таң кабарын айткансып, чыгыштан чолпон нур чачты (Жантөшев). Эмгек кайнап, колхозчулар кош айдап, Асмандан күн алтын шоола нур чачат (Үмөталиев). Чырак үлпүлдөп алсыз нурларын чачат (Каимов).