Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курулуштардын, имараттардын үстүнкү бөлүгү. Жамгырдан үйдүн чатыры дабырап турду (Сыдыкбеков). 2. Таардан, калың матадан ж. б. жасалып, төрт бурчунан керип коюлуучу, көбүнчө жайында колдонула турган жеңил үй. Жайкы күн... эрке Ысык-Көл толкуп жатыр, Боюна жоокерлер тиккен чатыр (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Чатыр-чатыр чатырады, Жалпы күйүп жан-жагы (Бөкөнбаев). Согуш кабары, чатыр этип асманды тең жарып өткөн чагылгандай тараган (Сыдыкбеков).