ЧАЛ ЖЫГАР Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) эск. Кыз берүү салтына кирүүчү ырым-жырым. Кудалар кыздын атасыныкында жатканда «чал жыгарыбызды бергиле» деп абышкалар келишет («Ала-Тоо»).
ЧАЛ ЖЫГАР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 этн. Үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө, күйөөгө кеткен кыздын эжелери баланын атасынан белек доолашкан. Кудалар кыздын атасыныкында жатканда «чал жыгарыбызды» бергиле деп абышкалар келишет («Ала-Тоо»).