Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Саясий партиянын жалпы линиясына макул болбогон, жактабаган, андан өзгөчөлөнгөн көз карашта болуп, партияга каршы күрөшкөн, бирок анын катарында болгон өзүнчө топ, партиядагы негизги массадан өзүнчө бөлүнүп алган группировка.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. полит.
фракция (бир партиянын парламенттеги, коомдук уюмдагы мүчөлөрүнүн тобу же буржуазиялык партиянын ичинен өзүнчө бөлүнүп чыккан группировка);
парламентская фракция парламенттик фракция.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАРЛАМЕНТ ФРАКЦИЯСЫ (ЖААТЫ) (депутаттык) – мыйзам чыгаруу жыйынында шайлоо бирикмелеринин негизинде түзүлүп, бир мандаттуу шайлоо аймагы боюнча КР ЖКга шайланган жана ал депутаттык бирикменин ишине катышууну каалаган депутаттар курамынан турган КРдеги депутаттык бирикме.