Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНДДОР (фр. fond , лат. fondus – негиздеме) – 1) ре-сурстар, корлор (м.: туракжай фонду, жер фонду, үрөн фонду); 2) ишкана пайдалануучу материалдык жана акча каражаттары, м.: негизги өндүрүштүк, жүгүртүм фонду, айлык акы фонду; 3) түзүүнүн жана пайдалануунун белгилүү тартибине ээ каражаттардын булагы (м.: уставдык фонд, кампалык фонд); 4) туруктуу киреше берүүчү баалуу кагаздар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЗАРА КРЕДИТТӨӨ ФОНДДОРУ – коммерциялык эмес уюмдар; туракжай үйлөрүн курууга жана оң-доого, чарбалык курулуштарды жүргүзүүгө, бакчалык, огороддук жана дача жер участокторун көрктөндүрүүгө кредиттерди берет. Кредиттер фонддун уюштуруучуларына гана берилет. Ө. к. ф-ру өз ишмердиктерин уюштуруучулары бекиткен Уставынын негизинде ишке ашырышат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПРОКАТТОО ФОНДДОРУ – коммерциялык эмес уюмдар, бакчачылар, огородчулар жана дачачылар тарабынан уюштуруучуларды турак үйлөрдү, чарба курулуштарын жана жайларын курууда жана оңдоодо, бакча, огород жана дача жер участокторун көрктөндүрүү-дө жана иштетүүдө колдонулуучу заманбап өндүрүш каражаттары менен камсыз кылуу максаттарында түзүлөт. П. ф. өз ишмердиктерин уставдын негизинде ишке ашырышат.