КР КАРЖЫ ТУТУМУ – КР каржысына кирүүчү баардык тогоолорунун жана алардын өзара алакаларынын жыйындысы. КР К. т-ун төмөнкү тогоолор (институттар) түзөт: а) курамына мамлекеттик (республикалык) жана жергиликтүү бюджеттер кирген бюджет тутуму; б) бюджеттен тышкы максаттуу фонддор; в) экономикалык тармактардын уюмдарынын каржылары; г) мүлктүк жана өздүк камсыздандыруу; д) кредиттер (мамлекеттик жана банктык).