Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фильм (сүрөт жана кино тартуу үчүн керек кылынуучу жука, тунук плёнка);
2. (кинокартина) фильм;
звуковой фильм үндүү фильм;
немой фильм үнсүз фильм;
документальный фильм документтүү фильм;
художественный фильм көркөм фильм;
мультипликационный фильм мультипликациялык фильм;
хроникальный фильм хроникалык фильм.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАСМА – чыгармачылык ой-чабыттын негизинде, кинотасмага же башка алып жүрүүчүлөргө түшүрүлгөн жана ырааттуу бүтүндүккө бириктирилген, тийиштүү техникалык жабдуулардын жардамы менен кабыл алууга багытталган, көркөм, хроникалдык-даректүү, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телевизондук же башка таризде жаратылган кино-укма-көрмө чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн аз болгон Т. кыска чакантартым Т-сы болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЛУТТУК ТАСМА – төмөнкү талаптарга жана шарттарга жооп берген тасма : эгер тасманын продюсеру – белгиленген тартипте КР аймагында катталган КР жараны же юридикалык жагы болсо; эгер тасманын авторлору – КР жарандары болсо; эгер тасманын тартуучу тобунун курамына (режиссер-коюучулары, оператор-коюучулары, операторлору, сүрөтчү-коюучулары, кийим-кече боюнча сүрөтчүлөрү, кураштыруучулары, башкы каармандарды ойноочу аткаруучу-актерлору) 30 пайыздан ашуун КР жарандыгына ээ эмес адамдар кирсе; эгер тасма мамлекеттик же КР башка элдеринин тилинде тартылса; эгер тасманы өндүрүү, нускалоо, прокаттоо жана көрсөтүү боюнча иштердин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмеси белгиленген тартипте КР аймагында катталган кинематография уюмдары тарабынан ишке ашырылса. У. т. катары ошондой эле КР тийиштүү эларалык келишим шарттарын сактаган учурларда чет өлкөлүк кинематография уюмдары менен биргелешип тартылган тасмалар да каралышы мүмкүн.