Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – это приобретение требований к должнику и взыскание долга, когда одна сторона (финансовый агент) передает или обязуется передать другой стороне (клиенту) денежные средства в счет денежного требования клиента (кредитора) к третьему лицу (должнику), вытекающего из предоставления клиентом товаров, выполнения им работ или оказания услуг третьему лицу, а клиент уступает или обязуется уступить финансовому агенту это денежное требование.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – бул, карызгерге карата талаптарды алуу жана карыздарды өндүрүү. Мында бир тарап (финансылык агент) экинчи тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүдөн улам, үчүнчү жакка карата келип чыккан, анын акчалай талаптарынын эсебинен акча каражатын берет же берүүгө милдеттенет, ал эми кардар финансылык агентке ошол акчалай талапты ыйгарып берет же ага милденттенет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКТОРИНГ (акча талабын кыйуу алдындагы каржылоо келишими) – бир тарап (каржы агенти) башка тарапка (кардарга) кардардын (кредитордун) акча талаптарынын эсебинен үчүнчү тарапка (карызкорго) кардардын үчүнчү жакка товар берүүсүнөн, жумуш аткаруусунан же кызмат көрсөтүүсүнөн келип чыгуучу акча каражаттарын өткөрүп берүүчү же өткөрүп берүүгө милдеттенүүчү, а кардар каржы агентине ал акча талабын кыйуучу же кыйууга милдеттенүүчү келишим. Карызкорго карата акча талабынын кардар тарабынан каржы агентине кыйылышы ошондой эле кардардын каржы агентинин алдындагы милдеттенмесин камсыз кылуу максаттарында болушу ыктымал. Ф. боюнча кийинкисинин милдеттенмеси кардардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнү, ошондой эле ага кыйуу предмети болуп саналган акча талаптарына байланыштуу башка каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтуусу мүмкүн. Каржы агенттери катары Ф-ди банктар жана башка кредиттик уюмдар, ошондой эле ошондой ишмердиктин түрүн ишке ашырууга улуксаты (лицензиясы) бар башка коммерциялык уюмдар түзө алышат. Ошон үчүн төлөө мөөнөтү эбак келген (болуп жаткан талаптар) да, жана төлөө мөөнөтү эми гана келүүчү (болочок талаптар да) акча каражаттарына карата укуктар да каржылоо берилүүчү кыйуунун предмети боло алат. Кыйуу предмети болгон акча талаптары кардар менен каржы агентинин келишиминде келишим түзүлүп жаткан учурдагы талаптарды жана болочок талаптарды – алардын пайда болуусунан кеч эмес учурда теңдештирүүгө мүмкүнчүлүк бергендей аныкталуусу тийиш.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)