Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сырьёлорду машиналык жол менен иштетип, ар кандай продукцияларды даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан слесарь катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чийки заттарды техникалык жол менен иштетип, ар кандай өндүрүмдөрдү даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан ширетүүчү катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).