Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК БУЗУУ – укуктун кандайдыр бир ченемдерин бузган жосун. Төмөндөгүчө бөлүнөт: жарандык (инсанга, жарандын же уюмдун мүлкүнө зыян келтирүү), административдик (м.: жолдо жүрүү эрежелерин бузуу), дисциплинардык тартип бузуу (ишке келбей коюу). Кылмыш жасоо бир кыйла кооптуу түрү болуп саналат. У. б. үчүн тийиштүүлүгүнө жараша мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган.