ср.
1. (напр. от удара) кыйшаюу, эңкейүү, четке кача бурулуу, буйт берүү, жалт берүү;
2. перен. (от темы и т. п) кыйшаюу, бурулуу, четтөө, четке чыгып кетүү; четтеп, башка жакка буруу;
уклонение от темы темадан четтеп, сөздү башка жакка буруу;
3. перен. (от знакомства и т.п.) баш тартуу;
уклонение от знакомства таанышуудан баш тартуу.
1. баш тартуу;
2. качуу, четтөө
Медициналык күбөлөндүрүүдөн, медициналык изилдөөдөн же дарылоодон баштартуу
МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮДӨН, МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨДӨН ЖЕ ДАРЫЛООДОН БАШТАРТУУ – банги каражаттарын же психотроптук заттарды кыянат колдонуучунун ички иштер органдарынын кызматкеринин медициналык күбөлөндүрүү боюнча тескемесин, ошого тете дабагердин дайындоолорун аткаруудан атайылап баштартуусу.
медициналык күбөлөндүрүүдөн, медициналык текшерүүдөн же дарылоодон баш тартуу
салыкты төлөөдөн баш тартуу
САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН БАШТАРТУУ – салык тартибин бузуулардын эң кеңири таралган жана абдан коркунучтуу түрлөрүнүн бири. Эреже катары, уюмдун салык жеңилдиктеринен мыйзамсыз пайдалануулары, салыктарды өз убагында төлөбөөлөрү жана кирешелерди жаап-жашыруулары, салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн документтерди өз убагында же такыр бербей коюулары түрүндө ишке ашырылат. Ошентип, С. т. б. учурларында уюм же жеке жак мыйзам боюнча салык төлөөчү болуп эсептелишсе да, бирок мыйзам тарабынан тикелей же кыйыр тыюу салынган ыкмаларды колдонуу менен, өздөрүнүн салык милдеттенмелерин азайтышат, же болбосо такыр эле төлөшпөйт, же аларды талаптагыдай төлөшпөйт.