Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин бүткөн жери, эң баш жагы, жогору жагы, кылда башы, чети. Тенти карандашынын учу менен партаны тыкылдатып, балдарды тартипке чакырды (Бейшеналиев). Бүбүш жеңинин учу менен маңдайындагы терин сүрттү («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис. канаттуулар, самолёт ж.б.) Карагай-Булак, Чоң Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков). 2. өт. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү. Туяктын чаңы буркурап, Тулпарым учат зыркырап (Токомбаев). 3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт) Күндөр учту, балапандай шактадың, Класстардан класстарга аттадың (Токомбаев). Учат-учат аяңдабай, Өмүр деген дилгирем (Токомбаев). 4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү. Зоодон учкан ошол күнкү, Кара мерген эсимде (Токомбаев). Көк сүлөөсүн кундуз бөрк. Учуп түштү баштагы («Манас») 5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө Күндөп гүлдөп, алгалап, Темптер менен учабыз (Токомбаев). Ырлар керек жана да уча турган жылдызга (Рыскулов). 6. Эргүү, толкундануу. Кыялы учту. Көңүлү көккө учту. 7. өт. Өлүү. Күкүгүм учту элимден. Күлпөтүм кетти жеримден (Токтогул).