Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бирөөнүн малын, мүлкүн же коомдук мүлктү көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз алып кетүү, катып алуу, кымтып алуу. Алтынын көрүп бирөөнүн «Алсам» деп уурдап, оолукпа (Осмонкул). Сенин болот өгөөңдү Кемпир уурдап алыптыр («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз алып кетүү, катып алуу, кымтып алуу. Алтынын көрүп бирөөнүн «Алсам» деп уурдап, оолукпа (Осмонкул). Сенин болот өгөөңдү Кемпир уурдап алыптыр («Эр Төштүк»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз уур+ла бөлүктөрүнөн турат. Уур уңгусу – ууру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшкөн варианты. Ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланган. Уңгунун аягында үнсүз болбогондуктан -ла мүчөсү үнсүздөн кийин -да болуп уланууга туура келген.