УУЛА І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Ууландыруу, ууктуруу. Уулап койгон эт. 2. өт. Жан кейитүү, жанына батуу. Унчукпады менин сөзүм, Денин уулап кеткендей (Нуркамал).
УУЛА ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Аңчылык кылуу, мергенчилик кылуу, балык кармоо. Аркар уулап, бугу кууп, Элемандын сырттаны («Эр Төштүк»). Жигиттер, арык бойлоп балык уулап жүрөсүңөрбү? (Бейшеналиев).