УУ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мергенчилик, аңчылык, балык кармоочулук. Атышып аркар, кулжа үч бир тууган, Ар күнү уу уулашты, ойдон-кырдан (Үмөталиев). Мергендин адаты ууга чыгыш, менин адатым шыралга алыш (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир иштин шарты, ыгы, жолу, жөн-жайы, ички сыры. Жердин уусун билишкен, Кебек өзүнүн он аскери менен жол чалып келе жатат (Жантөшев).