Төлөм макулдашуусу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТӨЛӨМ МАКУЛДАШУУСУ – кеңири маанисинде алганда, соода жана соодага жатпаган аткарымдар боюнча эсеп-кысап тутуму менен тартибин белгилөөчү келишим. Эреже катары, Т. м. эларалык деңгээлде (эки жактуу же көп жактуу негизде) түзүлөт жана эларалык Т. м. деп аталат. Бир катар учурларда – башка келишимдердин (соода-сатык, кредиттик ж. б.) катыштык бөлүгү болот.