ТИШИНИН КИРИН СОРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кезерип ачка жүрүү, оозуна эчтеме албоо, наар албоо. Орозо кармап, тишинин кирин соруп кыйналышкан ата-энесине чындыкты айтамын деп, бөөдө жаман көрүнду (Сасыкбаев). Бул өкмөт болбосо тиштин кирин соруп, байлардын тепкисинде жүрөт элек («Ала-Тоо»). Кышы менен кылчылдап, тишимдин кирин соруп отурдум (Айтматов).