ТИШИН ЧАГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Катуу жазалоо, сазайын колуна берүү, жазасын берүү. Шашпа! колго түшчү болсоң жонуңдан кайыш алып, тишиңди бирден чагармын, - деп, корбашы каарын төгүп, качкындарга ызырынып жатты («Ала-Тоо»). 2. Өтө кыйын, ашкере мыкты билүү өтө тыңдык кылуу, кыйын ажыратуу. Ал сооданын тишин чаккан адам.