ТИШИ ӨТПӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Алы жетпөө, эчтеме кыла албоо, аткара албоо, колунан келбөө. Канчалык карасантайлык кылса дагы, Курмандын тиши өтпөдү («Ала-Тоо»). Талашыңарды уктум. Сурооңорго тишим өтпөйт го? (Осмоналиев).