ТИШ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. анат. Тамакты керте тиштөө, үзүп алуу жана майдалап чайноо үчүн кызмат кылуучу сөөк зат, ооз ичиндеги мүчө. Кашка тиш. Маңдай тиш. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Таш келсе чайна дептир тишиң барда, Тиштен соң чайнаганга айла кайда (Бегимкулова). 2. Соконун жана маланын жердин кыртышын тилүүчү, тырмап, майдалоочу миздүү, учтуу бөлүктөрү. Жарк-журк деп соко тиштер кыртыш тилип (Мидин). Кырк тиш мала шай болсун, Кырка-кырка чубама (Осмонов).