Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жаш баланын сүйлөө речи кадимкидей өсүп-жетилип, тили таттуу кезинен өтүп калуу. Үчтөгү Медердин тили катып баштагыдай кужурабай калды («Ала-Тоо»). 2. Куштардын сайроо мезгили токтолуу, сайрай албай калуу. Жан эргитчү канаттуу куштардын тили каткан (Жоошбаев). Сары ала чымчык тили ката элек кезинде кумардан кануу үчүн куурайдан куурайга учуп конуп жүрүп, бир кайрым күүсүн далай жерге угузат (Каимов).