Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш баланын сүйлөө речи кадимкидей өсүп-жетилип, тили таттуу кезинен өтүп калуу. Үчтөгү Медердин тили катып баштагыдай кужурабай калды («Ала-Тоо»). 2. Куштардын сайроо мезгилинин токтолуусу, сайрай албай калуусу. Жан эритчү канаттуу куштардын тили каткан (Жоошбаев). Сары ала чымчык тили ката элек кезинде кумардан кануу үчүн куурайдан куурайга учуп конуп жүрүп, бир кайрып күүсүн далай жерге угузат (Каимов).