ТЕКЕ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы). Теке салуу. Тоо теке. 2. Элдик ай эсеби боюнча алтынчы айдын аты, какшыган жай чилдеси, июль айы. Теке айынын беш жаңысы (Сыдыкбеков). Теңине албас саратан, Теке какшык айы экен («Эл адабияты»). Көп жаңылып, күн эсебин так билбейт, Чын куранды Теке айы деп талашып (Эралиев).