Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кандайдыр бир сапаты, 'белгиси боюнча башкалардан ажыратып ылгоо, ажыратып бөлүү. Үйрөн, танда өнөрдү, Өнөр менен өрчүйт эл (Үмөталиев). Конуш тандап Арпадан, Коргон-Ташты жайладык (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
выбирать, отбирать (лучшее);
аттан атты тандап токунуп жатышкан выбрав самых лучших коней, (они) седлали;
уйку төшөк тандабайт погов. сон постели не разбирает;
тандаган тазга жолугат погов. разборчивая (девица) на паршивого нарывается (о привередливом человеке);
сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайт погов. та, которая вышивать не может, иголку выбирает (всё иголка не та), та, которая нитку вдеть не может, нитку выбирает (о горе-рукодельнице);
тандап ал- выбирать, отбирать (лучшее) для себя;
тандап алгандай как на подбор.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир сапаты, белгиси боюнча башкалардан ажыратып ылгоо, ажыратып бөлүү. Үйрөн, танда өнөрдү, Өнөр менен өрчүйт эл (Үмөталиев). Конуш тандап Арпадан, Коргон-Ташты жайладык (Осмонов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде талда этиши «тал-тал кылып бөлүү» маанисин берет. Мына ушул этиштин л тыбышы н тыбышына өтүшүнөн танда сөзү келип чыккан. Тыбыштары алмашуу менен экөөнүн мааниси да айырмаланган. Талда этиши «анализдөө» деген маани да берсе, танда этиши «жакшысын ылгап алуу» деген маани берип, экөө эки башка сөзгө айланган.